Тест "Кызыктуу математика"

Кызыктуу математика
1.Кайсы сан бардык сандарга эселүү болот? (0)
2.Сүт куюлган бидондун массасы 32 кг.Эгерде бидондун өзүнүн
массасы 2 кг болсо,жарымына чейин сүт куюлгандагы массасын
тапкыла. (17 кг)
3.Эн кичине бир жөнөкөй сан? (2)
4.Ашыкчасы кайсы сан? а)1,3,5,7,9,11,13,14,15,17,19;(14)
б)64,32,16,12,8,4,2; (12)
5.Натуралдык сандардын 1*2*3*4...*100 көбөйтүндүсү канча нол
менен аяктайт? (24)
6.Нурсултан менен Субандын 11 жангагы,Нурсултан менен
Максаттын 12 жангагы,ал эми Субан менен Максаттын 13 жангагы
бар.Ύчөөнүкү биригип канча жангагы болгон? (18)
7.Хоттабыч карыянын жашы түрдүү цифралардан турат:а)эгерде
биринчи жана акыркы цифралары чийилсе, анда цифралардын
суммасы 13 кө барабар болгон эң чоң эки орундуу сан келип чыгат;
б) анын биринчи цифрасы акыркысынан 4 эсе чоң.Хоттабыч карыя
канча жашта? (8942)
8.Цифралары курама сан болгон эң чоң эки орундуу санды
тапкыла? (89)
9.Кайсы натуралдык сандарды кошуунун жыйынтыгы аларды
көбөйтүүнүн жыйынтыгына барабар болот? (1,2,3)
10.60 барактуу китептин калындыгы 1 см.Эгерде китептин 240 бети
болсо,анын калындыгы канча? (2 см)
11.Сүрөттө канчв квадрат бар? (14) Канча төрт бурчтук бар? (33)
12.0,1,2,3 цифраларынын жардамында канча төрторундуу санды
жазууга болот? Цифралар кайталанбайт. (18)
13. *2* Жылдыздардын ордун толуктап жазгыла. (124*97=12028)
*7
***
****
****8
14.Беш окуучу бир скамейкага катар отурушту.Алар канча түрдүү
болуп отура алышат? (120)
15. 37 санынын сол жагына жана он жагына бирдей эле цифра
жазгыла,пайда болгон төрт орундуу сан 6 га калдыксыз бөлүнсөн.
(4374)
16.Жагы 5 см болгон квадрат 25 майда квадратчаларга
бөлүнгөн.Алардан эки квадрат тузуп бергиле. (9 жана 16
квадратчалардан)
17.Радиодон кундузу саат 3 то мындай деп билдиришти: «жакынкы
уч-торт кундо кун ачык болот» 60 сааттан кийин кун чыгып турат
деп айтууга болобу? (жок. 60 сааттан кийин тун болот)
18.5 цифрасынын жардамында 100ду жазгыла. (5*5*5-5*5=100)
19.Эгерде 12345679 санын 9га көбөйтсөк,анда /// /// /// саны
келип чыгат.Текшерип көргүлө. 7 лердин гана жардамында жазыла
турган санды алуу үчүн 12234679 ду кандай санга көбөйтүү зарыл?
(63)
20. 7 л жана 3 л идиштердин жардамында 5 л суну кантип алууга
болот? (3 л идиштен 7 л идишке 3 жолу суу куйганда 2 л калат)
21. 6 окуучу бир скамейкага катар отурушту.Алар канча түрдүү
болуп отура алышат? ( 720)
22.Ύч орундуу 87* саны бешке да,үчкө да калдыксыз бөлүнөт. Анын
акыркы цифрасын тапкыла. (0)
23. 4* Туюнтмасында жылдызчалардын ордун толуктагыла.
**
***
**
**66
24.Жагы 5 см болгон квадрат жагы 1 см болгон 25 квадратчаларга
бөлүнгөн. Алардан эки квадрат түзүп бергиле. (9+16=25)
25.26-(3*4+2*5) туюнтмасына тиешелүү маселени ойлоп таап,
текстин жазгыла.
26. 5х²+х+17=47 тендемесине туура келүүчү маселени тапкыла.
27.Жандаш бурчтардын бири экинчисинен 8эсе чон болсо,ал
бурчтарды тапкыла. (20,160)
28.Эгерде белгисиз сандын 7/15 си 210 го барабар болсо ал санды
тапкыла. (450)
29.Эгерде сандын 12% ти 3 кө барабар болсо, ал санды тапкыла.
(25)
30.Диаметр жана диогнал сөздөрүнүн айырмасы эмнеде?
(диаметр-айланада,тегеректе; диогнал-көп бурчтукта)
31.12,5 тин 72% ти канча болот? (9)
32.Эгерде АБ*ВГ=БББ болсо, А,Б,В,Г цифраларын тапкыла.(А=3, Б=7,
В=2,Г=1)
33.Эгерде 6*5* болсо , жылдызчаларды калыбына келтиргиле.
*8*4 (6750-3894=2856)
2856
34. 14 тү алуу үчүн 7 ни кандай санга бөлөбүз? (1/2)
35.Бөлүүчү менен тийинди качан өз ара барабар болушат?
(бөлүнүүчү бөлүүчүнүн квадратына барабар болгондо)
36. 2 цифрасын 3 жолу пайдаланып эн чон санды жазгыла. (2²²)
37.4 цифрасын 3 жолу пайдаланып эн чон санды жазгыла. (4⁴⁴)
38.Китеп үчүн 60 сом жана дагы анын наркынын ин төлөштү.Бул
китеп канча турат? (90 сом)
39.Ύч тоок 3 кундо 3 жумуртка тууйт.12 тоок 12 кундо канча
жумуртка тууйт? (48 ж)
40.66⁶⁶ саны кандай цифра менен аяктайт? (6 цифрасы менен)
41.88888888 жазуусунда суммасы 1000 болгондой кылып,айрым
цифралардын арасына «+» белгисин койгула.(88+8+8+8+888=1000)
42.биринчи цифрасы 6, башка бардык цифралары ар турдуу болгон
жана 9 га калдыксыз бөлүнө турган эн кичине беш орундуу санды
жазгыла.(60127)
43.Эгерде 12345679 ду 9 га кобойтсо /// /// /// саны келип чыгат.
Аны текшергиле.Жалан 5 цифрасы менен жазылган санды алуу
учун 12345679 ду кандай санга кобойтуу керек? (45 ке себеби
9*5=45)
44.КЕсиндинин учтарынан башка 8 чекит алынган.Учтары ал
чекиттер жана кесиндинин учтары болгон канча кесинди алууга
болот? (45)
45.Поезд светофордун жанынан 5 сек , ал эми узундугу 150 м
платформадан 15 сек отот. Поездин узундугун жана ылдамдыгын
тапкыла? (75 м,15 м/саат)
46.Белгисиз кобойтуучулорду тапкыла.АВС*СВА=692443.(973,739)
47.Солдаттар колоннага 4 тон,5 тен же 6 дан тизилгенде бири
ашыкча, ал эми 7 ден тизилгенде толук болушат.Колоннадагы
солдаттардын эн кичине саны канча болушу мумкун? (301)
48. 2,4 санын 25% ке жогорулатышты. Кайрадан 2,4 ту алуу учун
кийинки санды канча % ке кичирейтуу керек? (20%)
49.Атасы 41 жашта болгондо уулу 13 жашта, кызы 10 жашта, ал эми
кичу уулу 6 жашта болушат.Канча жылдан кийин атасынын жашы
балдарынын жаштарынын суммасына барабар болот? (6 жылда)
50.2 жана 3 цмфраларынын арасына 2 ден чон жана 3 тон кичине
сан келип чыга тургандай кылып кайсы белгини коюу керек? (утур )
51.□□□-□□=1 Тик бурчтарга тиешелуу цифраларды койгула. (100-99)
52.14+4-18+35+10-45 туура барабардыгына кобойтуунун
болуштуруу касиетин пайдаланып 2*(7+2-9)=5*(7+2-9) ду алабыз.
Акыркы барабардыктын эки жагын тен 7+2-9 га болуп, 2=5 ке ээ
болобуз.Ушул туурабы?
53.Класстагы окуучулардын 89% ти туристик журушко,ал эми 78% ти
экскурсияга барышты.Ушундай болушу мумкунбу? Окуучулардын
канча % ти журушко да ,экскурсияга да барышкан? (мумкун 67% ти)